Улутстатком пилоттук айыл чарба каттоосун өткөрүү боюнча окутуу семинарын жыйынтыктады

Publications: 15.11.2024


Бүгүн, 15-ноябрда, Кант шаарында Улутстатком Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красноречка жана Милянфан айылдарында пилоттук айыл чарба каттоосун жүргүзүү боюнча координаторлорду, инструктор-контролерлорду жана каттоочуларды окутуу семинарын жыйынтыктады. Ушундай эле окутуу семинары Ош облусунда болуп өттү.
 
Семинарды жыйынтыктоого Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районун, Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын тийиштүү кызматкерлери жана аймактык статистика бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
 
50гө жакын семинардын катышуучулары айыл чарба каттоосунун максаттары жана милдеттери, каттоо формаларын толтуруу, мобилдик тиркеме менен иштөө, жыйынтыктоочу таблицаларды түзүү жана каттоо боюнча толук маалыматты камтыган нускама менен таанышышты.
 
Пилоттук окутуу семинарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төраганын орун басары Бакытбек Шокенов 2024-жылы пилоттук айыл чарба каттоо Ош облусунун Араван районунун 15 айылында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 2 айылында өткөрүлөрүн айтып, ошондой эле каттоо электрондук форматта, мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөрүн жана өзүнчө корголгон байланыш каналы колдонуларын баса белгиледи.
Бул каттоо айыл чарба тармагындагы негизги мүнөздөмөлөрдү чагылдыруу, ошондой эле малдын, үй канаттууларынын санын жана өсүмдүк өстүрүүчүлүгүн эсепке алуу максатын көздөйт.
 
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 19-мартындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №122 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин айыл чарба каттоосу өткөрүлмөкчү.
 
Пилоттук айыл чарба каттоо жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен чектеш келгендиктен, каттоо 18-ноябрдан 7-декабрына чейин өткөрүлүшү белгиленди.

Last updating: 16.11.2024, 15:12