Улуттук статистика комитетинде Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү

Publications: 23.09.2024


23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгы белгиленүүдө. Тактап айтканда, 1989-жылы Кыргыз ССРнин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алганына 35 жыл толду. Ушул күндүн урматына Улуттук статистика комитети тарабынан уюштурулган “Улут болсом, тилим менен улутмун!” аттуу иш-чара өттү.
 
Иш-чаранын алкагында КРнын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов маарекенин катышуучуларын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, тилдин маанисин жана улуттун биримдигиндеги ролун белгиледи.
 
Иш-чаранын алкагында кызматкерлер тарабынан даярдалган Сармерден оюну өтүп, мамлекеттик тил тууралуу ырлар аткарылып, бул иш-чарага Корей статистикалык башкармалыгынын өкүлдөрү дагы күбө болушту.
 
 
 

Last updating: 27.09.2024, 09:49