2015-жылдагы калктын табигый өсүүcүнүн деңгээли көбөйдү, ал эми эмиграция азайды
Publications: 18.01.2016
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары боюнча 2015-жылдын январь-ноябрында ЖААК органдарында 149 миң жаңы төрөлгөндөр же калктын 1000ине алганда 27,4 (2014-жылдын январь-ноябрында - 27,5), 31,5 миң өлгөндөр же калктын 1000ине алганда 5,8 адам (2014-жылдын январь-ноябрында - 6,1) катталды. Натыйжада калктын табигый өсүүсү 117,5 миң адамды же калктын 1000ине 21,6ди (2014-жылдын январь-ноябрында - 21,4) түздү.
Калктын табигый өсүүсүнүн эң жогорку деңгээли 2015-ж. январь- ноябрында Баткен жана Ош облустарында (калктын 1000ине 26 адам) белгиленди.
Ушул мезгилде республикага туруктуу жашоо үчүн 3,3 миң адам келсе, кеткендердин саны 7,3 миң адамды түзгөн, калктын миграциялык агымы -4 миң адамды түздү. 10 миң тургунга эсептегенде эмигранттардын саны 2014-ж. январь-ноябрында 19 адамдан 2015-ж. январь-ноябрында 12 адамга чейин кыскарган.
Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмү |e-mail: r.chynybaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 325336.
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).
Р. Чыныбаева
18.01.2016г.
