Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн баалоо үчүн мониторинг жүргүзүүнүн көрсөткүчтөрүнүн системасы бекитилди

Publications: 02.11.2020


Маалыматтардын актуалдаштырылган базасын түзүү жана объективдүү маалыматтарды алуу максатында аймактардагы мамлекеттик органдардын иши жөнүндөгү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-октябрындагы № 354-б буйругу менен мониторинг көрсөткүчтөрүнүн тутуму, ошондой эле аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн баалоо үчүн талдоонун бирдиктүү форматы бекитилди.

Аймактык статистиканын көрсөткүчтөрү Улутстатком тарабынан кварталына бир жолу жаңыртылат жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу үчүн объективдүү негиз болуп кызмат кылат

Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа берүү, ошондой эле республиканын шаарларынын жана райондорунун өнүктүрүү рейтингин квартал сайын аныктоо тартибин ушул буйрука ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине иштеп чыгуу тапшырылган

 

_______________________________________________________________________________________________

Региондук статистиканы жана сапатты өнүктүрүү бөлүмү |   e-mail:azharkynbaeva@stat.kg; | тел. + 996 (312) 664211

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 02.11.2020, 13:34