2015-жылы негизги капиталга инвестициянын көлөмүнүн көбөйүүсү белгиленди.

Publications: 15.01.2016


2015-жылдын январь-декабрында алдын-ала маалыматтар боюнча негизги капиталга өздөштүрүлгөн инвестициянын көлөмү 120 млрд. сомдон көбүн  түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 8 пайызга көбөйдү. Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 2,6 пайызга, тышкы булактардын эсебинен - 16,3 пайызга өстү.

Негизги капиталга инвестициянын өсүүсү айыл чарба, пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшүнүн, суу менен жабдуу, дүң жана чекене соода, транспорт ишмердиги жана билим берүү объекттеринин курулушунун көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды.

 

Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 85,1 пайызы) пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшүнүн, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) объекттеринин курулушуна, транспорт ишмердиги жана турак жай курулушуна багытталган.

Турак жайдын 1127,1 миң чарчы метри пайдаланууга берилди, анын 70 пайызга жакынын жеке турак жай түзөт. 3323 окуучу орундуу жалпы билим берүүчү мектеп, 440 орундуу мектепке чейинки мекемелер, 502 кезметине келүүчү амбулатордук-бейтапканалык мекеме, ошондой эле 226 койкалуу оорукана ишке киргизилди.

 

 

 

______________________________________________________________________

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын  |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

инвестиция статистикасы бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 

 

 

2015-ж., 15-январь 


Last updating: 16.01.2016, 09:47