2019-жылы республикада отун-энергетикалык ресурстардын көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 8 пайызга азайды
Publications: 30.12.2020
2019-жылы республикада отун-энергетикалык ресурстун (өзүнүн кайра иштетилген жана кайра түзүлгөн продуктуларын эске алуу менен) көлөмү 16 млн. тоннадан көбүрөөк шарттуу отунду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 8 % азайды. Ошол эле мезгилде анын көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 7 % көбөйдү.
Негизги түрлөрү боюнча отун-энергетикалык ресурстардын көлөмү
(шарттуу отун миң тонна)
|
|
2015 |
2019 |
2019-ж. 2015-жылга карата пайыз менен |
Бардыгы |
|
15 359 |
16 440 |
107,0 |
анын ичинен: |
|
|
|
|
көмүр |
|
2 750 |
2 631 |
95,7 |
мунай (газ конденсатын кошкондо) |
|
162 |
348 |
214,8 |
жаратылыш газы |
|
318 |
375 |
117,9 |
автоунаа бензини |
|
1 104 |
984 |
89,1 |
дизелдик күйүүчү май |
|
716 |
1 004 |
140,2 |
күйүүчү мазут |
|
505 |
275 |
54,5 |
авиация жана башка максаттар үчүн керосин |
|
138 |
107 |
77,5 |
гидроэнергия |
|
3 824 |
4 775 |
124,9 |
электр энергия |
|
4 740 |
5 300 |
111,8 |
жылуулук энергиясы |
|
447 |
424 |
94,9 |
башка түрлөрү |
|
655 |
217 |
33,1 |
Отун-энергетикалык балансынын ресурстук бөлүгүндө отун-энергетикалык ресурстарынын импортунун үлүшү 2015-жылы 26,5 % 2019-жылы 16,2 % чейин кыскарды. Отун-энергетикалык ресурстары республикага негизинен Казахстандан, Өзбекистандан жана Россиядан келип түштү. Дээрлик көмүрдүн бардык көлөмү Казахстандан, жаратылыш газы – Россиядан жана Өзбекистандан, дизелдик отун жана автоунаа бензини негизинен Казахстан менен Россиядан келип түштү.
Отун-энергетикалык балансынын ресурстук бөлүгүнүн түзүмүнүн өзгөрүлүшү
(жыйынтыкка карата пайыз менен)
Бөлүштүрүү бөлүгү түзүлүшүнүн балансында өндүрүү-технологиялык жана башка муктаждыктарга сарпталган отун-энергетикалык ресурстардын көлөмүнүн үлүшү 2015-жылы 47 % 2019-жылы 49 % чейин, ал эми ОЭР экспорттун үлүшү, 3,3 %, турушуна карата, 6,1 % чейин көбөйдү. Ошол эле учурда, энергиянын башка түрлөрүнө айлантууга сарпталган отун-энергетикалык ресурстардын көлөмүнүн үлүшү 2015-жылы 34,3 % 2019-жылы 32,6 % чейин азайды.
Отун-энергетикалык балансынын бөлүштүрүү бөлүгү түзүмүнүн өзгөрүлүшү
(жыйынтыкка карата пайыз менен)
2019-жылы республиканын ички рыногунда 13,4 млн. тонна отун ресурстарынын шарттуу отуну сарпталды, анын ичинен 8,0 млн. тонна шарттуу отун же 60 % өндүрүү-технологиялык жана башка муктаждыктарга, 5,4 млн. тонна шарттуу отуну же 40 % - энергиянын башка түрлөрүнө айлантууга сарпталган.
Жаратылыш ресурстарын өндүрүүнүн жалпы суммасынын ичинде көмүрдүн үлүшүнүн көбөйгөндүгү белгиленди. Эгерде, 2015-жылы ал 9,7 % түзсө, ал эми 2019-жылы 10,5 % жетти. Ошондой эле 2019-жылы көмүр өндүрүүнүн көлөмү 2,6 млн. тоннаны түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 35 % пайызга жогорулады. Негизинен алганда көмүр ички рынокто керектелет, анын керектөө үлүшү жалпы керектөөлөрдүн ичинен 44 % жакынын түздү. Мунай заттарына болгон суроо-талап негизинен импорттук келип түшүүлөрдүн эсебинен толтурулат.
2019-жылы 83 миң тоннадан ашык дизелдик май өндүрүлдү, бул 2015-жылга салыштырмалуу же 1,5 эсеге көп, ал эми анын импорттук келип түшүүлөрү 4 % көбөйүп 535,3 миң тоннаны түздү.
Автоунаа бензинин өндүрүү 103 миң тоннаны түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу жарымынан көбүнө (53 %) азайды, ал эми 2015-жылга салыштырмалуу – 10,5 % азайды. 2015-жылга салыштырмалуу анын импорттук келип келип түшүүлөрү 22 % азайып, 485 миң тоннадан көбүрөөгүн түздү.
Күйүүчү мазутту өндүрүү 2019-жылы 115 миң тоннаны түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 15 % азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр дээрлик 72 % чейин кыскарды. Ошол эле учурда дизелдик май жана күйүүчү май боюнча экспорттун өсүшү белгиленди.
2019-жылы бардык отун катары керектөөнүн ичинен түздөн-түз дизелдик отуну катары жалпы дизелдик керектөөнүн ичинен 92,5 %, 87 % - автоунаа бензини жана 14,8 % - отун мазуту керектелди. Авиациялык керосинге болгон суроо-талап толугу менен импорттук келип түшүүлөрдүн эсебинен канааттандырылат.
Чийки мунай ресурстары 2019-жылы 243 миң тоннаны түздү, алардын 96 % жакыны (233 миң тонн) өндүрүүгө, бир пайыз импортко жана 3 % көбүрөөгү калдыктарга туура келди. Өндүрүү жана күйүүчү отун муктаждыктарына керектелбеген материал катары 187 миң тонна мунай же жалпы ресурстардын ичинен 77 % сарпталды.
2019-жылы жаратылыш газынын ресурстарынын дээрлик 97 % Россиядан келген импорт менен камсыз кылынды. 2015-жылга салыштырганда аны өндүрүү 7,2 млн. куб. метрге же дээрлик 23 % кыскарып 24,4 млн. куб метрди түздү. Күйүүчү май катары 205 млн. куб метрге жакын же 63 % газ, энергиянын башка түрлөрүн айлантууга 94,3 млн. куб. метр газ же жалпы керектөөнүн ичинен 29 % сарпталды жана жоготуулар 8 % түздү.
2019-жылы 15 млрд. кВт/саат электрэнергиясы өндүрүлдү, анын 83 % көбүрөөгү ички рынокто керектелди. Былтыркы жылга салыштырмалуу электрэнергиясынын көлөмү 4 % азайды, ал эми 2015-жылга салыштырмалуу, тескерисинче, 16 % жогорулады. 2019-жылы электрэнергиясынын жоготуулары жалпы ресурстардын ичинен 16 % көбүрөөгүн түздү (2015-жылы 19 % көбүрөөгүн түздү).
Жылуулук энергиясын өндүрүү 2019-жылы 2,9 млн. гигакалорийди түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 5 % азайды. Бардык жылуулук энергиясынын көлөмү ички рынокто керектелет. Ошондой эле, 2019-жылы анын жоготуусу 18 % азайып 216 миң гигакалорийди түздү.
____________________________________________________________________________
Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү | e-mail: a.mamanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 664044
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).