2020-жылы Кыргызстандын ар бир төртүнчү жашоочусу кедейчилик шарттарында жашаган
Publications: 11.06.2021
2020-жылы кедейчиликтин жалпы чегинин нарктык көлөмү бир жылдын ичинде калктын киши башына 35 268 сомду, эң төмөнкүсү – 19 774 сомду түздү.
2020-жылы кедейчиликтин чегинде 1 млн. 678 миң адам жашаган, алардын 73,7 пайызы калк отурукташкан айыл пункттарынын тургундары болуп саналган.
Жашаган жери боюнча кедейчиликтин деңгээли
(калктын жалпы санына карата пайыз менен)
2020-жылы кедейчиликтин деңгээли Ош ш. (6 пайыздык пунктка) жана Талас (0,8 пайыздык пунктка) облусунда мурунку жылга салыштырганда анын төмөндөгөнү белгиленди. Калган региондордо кедейчиликтин деңгээли өскөн, анын ичинде Жалал-Абад облусунда (10,3 пайыздык пунктка), Нарын (8,7 пайыздык пунктка), Чүй (6,3 пайыздык пунктка), Ош (4,8 пайыздык пунктка), Ысык-Көл (3,5 пайыздык пунктка) жана Баткен (2,1 пайыздык пунктка) облустарында, ошондой эле Бишкек (4,9 пайыздык пунктка) шаарында.
Аймактар боюнча кедейчиликтин деңгээли
(калктын жалпы санына карата пайыз менен)
|
2016 |
2017 |
2018 |
2019 |
2020 |
Кыргыз Республикасы |
25,4 |
25,6 |
22,4 |
20,1 |
25,3 |
Баткен облусу |
37,0 |
40,5 |
33,8 |
32,6 |
34,7 |
Жалал-Абад облусу |
32,2 |
32,6 |
32,2 |
26,9 |
37,2 |
Ысык-Көл облусу |
24,7 |
24,2 |
21,5 |
24,4 |
27,9 |
Нарын облусу |
37,8 |
29,2 |
30,6 |
28,1 |
36,8 |
Ош облусу |
22,0 |
14,3 |
14,8 |
14,0 |
18,8 |
Талас облусу |
18,1 |
20,7 |
22,1 |
13,3 |
12,5 |
Чүй облусу |
30,3 |
33,3 |
15,6 |
19,1 |
25,4 |
Бишкек ш. |
9,8 |
15,9 |
15,4 |
11,9 |
16,8 |
Ош ш. |
24,6 |
33,5 |
35,5 |
20,7 |
14,7 |
Кедейлердин жалпы санынын 58 пайыздан көбү Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында жашашкан.
2020-жылдагы кедейлердин санынын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү
2020-жылы 0-17 жаш курагындагы 833,9 миң бала же ушул курактагы балдардын 31,8 пайызы кедейчилик шартында жашаган.
Балдар кедейчилигинин деңгээли, аймактар боюнча
(0-17 жаштагы калктын санына пайыз менен)
_______________________________________________
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө
статистикасы башкармалыгынын үй чарба статистикасы бөлүмү | e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324655