2021-жылы кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик жарымына төмөндөдү
Publications: 14.01.2022
Республикада айыл чарба өсүмдүктөрү чаап-жыйноо аяктады. 2021-жылдын жыйынтыгына карата 577 миң гектар аянттан кылкандуу дан эгиндери жыйналды. Чабылган аянттан 1,3 миллион тонна дан (тазалгандан кийинки салмакта) же 2020-жылга салыштырмалуу 28,4 пайызга аз бастырылды.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышынын негизги көрсөткүчтөрү
(миң тонна)
|
Иш жүзүндө |
Өткөн жылга карата |
||
---|---|---|---|---|
|
2020 |
2021 |
+, - |
пайыз менен |
Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз), миң га |
570,9 |
576,7 |
5,8 |
101,0 |
Бастырылган дан - бардыгы (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) (тазалгандан кийинки салмакта) |
1 856,0 |
1 329,1 |
- 526,9 |
71,6 |
1 гектардан, ц. |
32,3 |
22,9 |
- 9,4 |
70,9 |
бастырылган буудай (тазалгандан кийинки салмакта) |
629,0 |
362,7 |
- 266,3 |
57,7 |
1 гектардан, ц. |
25,5 |
14,5 |
- 11,0 |
56,9 |
бастырылган арпа (тазалгандан кийинки салмакта) |
510,2 |
274,0 |
- 236,2 |
53,7 |
1 гектардан, ц. |
23,5 |
12,5 |
- 11,0 |
53,2 |
жыйналган дан жүгөрү |
714,1 |
691,1 |
- 23,0 |
96,8 |
1 гектардан, ц. |
67,1 |
64,3 |
- 2,8 |
95,8 |
Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү (тазалгандан кийинки салмакта) |
107,2 |
85,5 |
- 21,7 |
79,8 |
1 гектардан, ц. |
17,3 |
14,1 |
- 3,2 |
81,5 |
Бастырылган май алынуучу өсүмдүктөр (тазалгандан кийинки салмакта) |
23,9 |
17,8 |
- 6,1 |
74,6 |
1 гектардан, ц. |
12,2 |
10,5 |
- 1,7 |
86,0 |
Казылган кант кызылчасы (фабрикалык) |
448,8 |
365,6 |
- 83,2 |
81,5 |
1 гектардан, ц. |
533,9 |
358,3 |
- 175,6 |
67,1 |
Казылган картошка аянты, миң га |
76,3 |
74,9 |
- 1,4 |
98,2 |
Жыйналган картошка |
1 327,2 |
1 289,1 |
- 38,1 |
97,1 |
1 гектардан, ц |
171,8 |
170,4 |
- 1,4 |
99,2 |
Жыйналган жашылчалар |
1 131,2 |
1 114,2 |
- 17,0 |
98,5 |
1 гектардан, ц. |
200,1 |
193,3 |
- 6,8 |
96,6 |
Жыйналган бакча өсүмдүктөрү |
261,5 |
224,9 |
- 36,6 |
86,0 |
1 гектардан, ц. |
222,8 |
203,9 |
- 18,9 |
91,5 |
Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү |
278,0 |
266,4 |
- 11,6 |
95,6 |
1 гектардан, ц. |
52,3 |
50,2 |
- 2,1 |
96,0 |
Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы аномалдуу ысык температура жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн кыскарышын шарттады. Мында, буудайдын дүң жыйымы өткөн жылга караганда 42,3% га, арпанын - 46,3% га кыскарды.
Мындан тышкары, май өсүмдүктөрү ушул мезгил ичинде дүң жыйымы - 25,4% га, кант кызылчасы - 18,5% га, бакча өсүмдүктөрү - 14,0% га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 4,4% га, дан жүгөрү - 3,2% га, картошка - 2,9% га жана жашылчалар - 1,5% га төмөндөдү.
_________________________________________________________________________________
Айыл чарба статистикасы бөлүмү | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).