2021-жылы 860тан ашык лизинг келишими түзүлдү

Publications: 24.03.2022


2021-жылы лизинг ишмердигин* 12 компания жүргүздү, алар менен 860тан ашык келишим түзүлдү. Ошол эле учурда бардык лизингдик келишимдер финансылык лизинг шарттарында түзүлдү.

Мындай келишимдердин жалпы наркы 2021-жылы 1,7 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү же 2020-жылга караганда 35 пайызга көп болду.

Муну менен бирге финансылык лизингдин түзүмүндө имараттар, инженердик курулмалар (кыймылсыз мүлк) лизинг предмети болуп чыккан келишимдердин наркынын үлүшү 2020-жылдагы 2,4 пайыздан 2021-жылдагы 0,3 пайызга чейин азайды, ошол эле учурда курулуш-жол техникасына, машина жана механизмдерге түзүлгөн лизингдик келишимдердин наркынын үлүшү 6,1 пайызга, ал эми айыл чарба техникасына, машина жана механизмдерге түзүлгөн лизингдик келишимдердин наркынын үлүшү 3,9 пайызга өстү.

Муну менен бирге финансылык лизинг келишимдеринин олуттуу суммасы (0,7 млрд. сом же 43 пайыз) мурдагыдай эле айыл чарба техникаларын, машина жана механизмдерди сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдерге туура келди.

Лизинг предметтери боюнча финансылык лизинг шарттарында түзүлгөн келишимдердин наркы

(финансылык лизинг келишимдеринин жалпы наркына карата пайыз менен)

*Лизинг ишмердиги - лизинг келишими боюнча ижарага берүүчүнүн (юридикалык жактар) менчик жана/же зайымдык каражаттарын инвестициялоого багытталган инвестициялык ишмердиктин түрү.

_____________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

 


Last updating: 24.03.2022, 15:13