2022-жылы жашоо минимумунун өсүшү байкалган
Publications: 13.01.2023
2022-жылы жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 7 178,32 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 15 пайызга өстү.
Аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)
2022-жылы жашоо минимумунун эң жогорку өлчөмү Жалал-Абад облусунда, Бишкек шаарында жана Баткен облусунда белгиленди. Ошол эле учурда, 2021-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун эң чоң өсүшү Ысык-Көл облусунда (16,3 пайызга) жана Бишкек шаарында (15,7 пайызга) белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк себетинин энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.
Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)
|
Жылына орточо эсеп менен |
Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен |
|
---|---|---|---|
2021 |
2022 |
||
Бардыгы |
6 268,31 |
7 178,32 |
114,5 |
Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк |
7 040,33 |
8 025,18 |
114,0 |
анын ичинен: |
|
|
|
эркектер |
7 219,11 |
8 212,00 |
113,8 |
аялдар |
6 990,75 |
7 967,93 |
114,0 |
Пенсионерлер |
5 580,35 |
6 395,22 |
114,6 |
Балдар |
5 282,48 |
6 099,75 |
115,5 |
анын ичинен, жашы: |
|
|
|
0дөн 7ге чейинки |
4 673,39 |
5 431,63 |
116,2 |
7ден 14кө чейинки |
5 489,42 |
6 315,48 |
115,0 |
14-17 |
6 012,49 |
6 914,87 |
115,0 |
Туруктуу өнүгүү жана айлана-
чөйрө статистикасы башкармалыгынын
үй чарба статистикасы бөлүмү | e-mail: nkerimalieva@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324691
Туруктуу өнүгүү жана айлана- чөйрө статистикасы башкармалыгынын үй чарба статистикасы бөлүмү