2025-жылы лизинг келишимдеринин олутту өсүшү белгиленди

Publications: 27.03.2026


2025-жылы лизинг ишмердигин[1] 28 компания жүргүздү, алар менен 6,9 миң келишим түзүлдү, бул 2024-жылга караганда 1,9 эсеге көп. Мында бардык лизингдик келишимдер финансылык лизинг шарттарында түзүлдү.

Мындай келишимдердин жалпы наркы 2025-жылы 14,8 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, бул 2024-жылдын деңгээлинен 2 эсеге көп.  

Финансылык лизингдин түзүмүндө эң көп сумма (8,3 млрд.сом, же 55,8%) транспорт каражаттарын сатып алууга түзүлгөн келишимдерге туура келген.

Ошол эле учурда лизинг предмети болгон айыл чарба техникалары, машиналары жана механизмдери болгон контракттардын наркынын үлүшү 2024-жылдагы 26,0%дан 2025-жылы 13,5%га чейин, ал эми жол куруу техникасынын лизингдик келишимдеринин наркынын үлүшү 32,0%дан 28,6%га тиешелүүлүгүнө жараша төмөндөшү белгиленген.

Лизинг предметтери боюнча финансылык лизинг шарттарында түзүлгөн келишимдердин наркы
(финансылык лизинг келишимдеринин жалпы наркына карата пайыз менен)

[1]Лизинг ишмердиги - лизинг келишими боюнча ижарага берүүчүнүн (юридикалык жактар) менчик жана/же зайымдык каражаттарын инвестициялоого багытталган инвестициялык ишмердиктин түрү.

 


Last updating: 27.03.2026, 15:45