Бишкекте үч күнгө созулган Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоого тартыла турган персонал үчүн семинар башталды

Publications: 08.02.2022


2022-жылдын 8-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо алкагында Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаары боюнча райондук, облусттук статистика органдарынын кызматкерлери үчүн өткөрүлгөн үч күндүк семинар өз ишин баштады.

Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жана Улутстаткомдун башка кызматкерлери катышышты.

Иш-чаранын алкагында Улутстаткомдун кызматкерлери семинардын катышуучуларына эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча кеңири маалымат беришти, каттоочу барактардын формалары жөнүндө маалымдап, интерактивдүү сурамжылоо жүргүзүштү. Ошондой эле эл жана турак-жай фондун каттоо учурунда таажывирустук инфекцияны жайылтпоо максатында иштелип чыккан тиешелүү алгоритм жөнүндө да айтып беришти.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 4-апрелине чейин жүргүзүлсө, алыскы аймактарда 2022-жылдын 23-апрелинен 3-майга чейин жүргүзүлөт.

         

         

        

        

        

 

 

 

 


Last updating: 09.02.2022, 09:13