2020-жылдын декабрында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны ноябрга салыштырмалуу 2,7 пайызга төмөндөдү
Publications: 22.01.2021
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча 2020-жылдын декабрында жалпы республика боюнча коронавирус инфекция (COVID-19) оорусу менен лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 14 миңден ашык учур катталган.
2020-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны
(учурлар)
|
Бардыгы |
Калктын 100 миңине |
||||
|
октябрь |
ноябрь |
декабрь |
октябрь |
ноябрь |
декабрь |
Кыргыз Республикасы |
13 035 |
14 056 |
13 705 |
202 |
218 |
212 |
Баткен облусу |
2 418 |
1 204 |
381 |
455 |
227 |
72 |
Жалал-Абад облусу |
2 506 |
2 272 |
834 |
204 |
185 |
68 |
Ысык-Көл облусу |
908 |
1 294 |
1 116 |
184 |
263 |
226 |
Нарын облусу |
113 |
218 |
165 |
39 |
76 |
57 |
Ош облусу |
2 508 |
1 335 |
469 |
185 |
99 |
35 |
Талас облусу |
359 |
517 |
214 |
135 |
195 |
81 |
Чүй облусу |
1 012 |
2 656 |
7 737 |
106 |
279 |
814 |
Бишкек шаары |
2 432 |
3 890 |
2 547 |
234 |
374 |
245 |
Ош шаары |
779 |
670 |
242 |
255 |
219 |
79 |
Өткөн жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 2,7 пайызга төмөндөдү, ал эми октябрь айына салыштырмалуу, тескерисинче, 5,0 пайызга көбөйдү.Өткөн жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу катталган коронавирус инфекцияларынын санынын төмөндөгөнү республиканын Чүй облусунан башка, бардык региондорунда белгиленди, ал эми Чүй облусунда катталган учурлардын жалпы санынын жарымынан көбүн (56 пайызын) түзүү менен алардын саны дээрлик 3 эсеге көбөйдү.
Калктын 100 миңине алганда коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен
ооругандардын саны
____________________________________________________________________________
Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)