Ош шаарында Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоого тартылуучу персоналды окутуу боюнча үч күндүк семинар өткөрүлүүдө
Publications: 02.02.2022
2022-жылдын 2-февралында Ош шаарында Ош, Жалал-Абад (Тогуз-Торо районунан башка), Баткен облустары жана Ош шаары боюнча райондук, облустук статистика органдарынын кызматкерлерине окутуучу семинар башталды.
Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 4-апрельге чейин жүргүзүлсө, алыскы аймактарга 2022-жылдын 23-апрелинен 3-майга чейин жүргүзүлөт.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев, Улутстаткомдун статистикалык каттоо жана геомаалыматтык тутум бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева жана башка адистер катышышты.
Семинардын алкагында Улутстаткомдун кызматкерлери семинардын катышуучуларына эл каттоого киргизилип жаткан жаңы эрежелер жөнүндө айтып беришип, бул жолку эл каттоо электрондук форматта өтө тургандыгын белгилей кетишти. Улутстаткомдун адистери каттоочу барактын жаңы программасы менен семинардын катышуучуларын тааныштырышты. Семинарда Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча жаралган башка маселелер боюнча да талкуу жүргүзүлөт.
Так ушундай семинар кийинки аптада Бишкек шаарында өткөрүлөт. Ага Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек шаарынын райондук, облустук, шаардык статистика органдарынын кызматкерлери катышышат.