2016-жылдын I жарым жылдыгында негизги капиталга инвестициянын көлөмүнүн өсүүсү белгиленди

Publications: 13.07.2016


Алдын-ала маалыматтар боюнча негизги капиталга өздөштүрүлгөн    инвестициянын көлөмү 2016-жылдын январ-июнунда 39 млрд. сомду түзүп, 2015-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 2 пайызга көбөйдү. Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 7,8 пайызга көбөйдү, тышкы булактардын эсебинен тескерисинче, 17,5 пайызга кыскарды.

Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 82 пайызы) пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу), транспорт ишмердиги, билим жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында  469 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилди, бул өткөн жылдын тийиштүү  мезгилине салыштырмалуу 3,7 пайызга аз.

 

 

______________________________________________________________________

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын  |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

инвестиция статистикасы бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 13.07.2016, 09:14