I жарым жылдыкта калктын накталай реалдуу акчалай кирешелеринин 18% өсүшү белгиленди

Publications: 20.11.2024


2024-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 458 млрд. сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 24%га өстү.

Калктын номиналдык акчалай кирешелери
(млн. сом)

 

Бардыгы

анын ичинде

эмгек ишмердигинен түшкөн киреше

социалдык
трансферттер

жеке көмөкчү чарбалардан түшкөн кирешелер

башка
акчалай
түшүүлөр

2023

 

 

 

 

 

  Январь-март

180 154,5

127 507,5

25 666,2

21 400,8

5 580,0

  Январь-июнь

369 337,0

265 906,6

51 402,7

40 298,3

11 729,4

  Январь-сентябрь

576 308,5

421 805,1

77 465,7

57 762,2

19 275,4

  Январь-декабрь

781 015,2

563 038,7

109 748,6

81 275,9

26 952,0

2024

 

 

 

 

 

  Январь-март

218 944,7

156 376,6

31 732,4

22 857,3

7 978,4

  Январь-март

457 847,1

330 622,2

63 624,0

45 107,2

18 493,7

Керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 2024-жылдын I жарым жылдыгында жалпысынан республика боюнча 435,6 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 18%га өстү.   
 
Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр чыгаруу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын жан башына карата колдо болгон акчалай кирешелери 2024-жылдын I жарым жылдыгында айына 11 095,4 сомду түзүп жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 20,3% көбөйдү. Кирешелердин эң чоң үлүшү  (70,7%) эмгек ишмердигинен алынган кирешелерге туура келди.
 
 Январь-июнь айларындагы калктын жан башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелеринин түзүмү
(пайыз менен)
 
 
Үй чарба статистика бөлүмү 
e-mail: ykalymbetova@stat.kg;
тел. + 996 (312)  324655
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү, («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси). 

 


Last updating: 25.11.2024, 10:34