Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында ички дүң продуктунун өсүү тенденциясы сакталды
Publications: 12.07.2022
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 6,3% жогорулоо менен 335 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 309 млрд. жакын сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,9% жогорулады.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө секторлору тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 9,4% өскөн болсо, 2021-жылдын январь-июнунда тескерисинче 8,9% төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 4,0% өстү (2021-жылдын январь-июнунда 4,6% өскөн).
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (48,0%) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, бул өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү ушул аралыкта 0,5 пайыздык пунктка төмөндөп, 35,7% түздү. Муну менен, өнөр жайдын үлүшү 21,3 % түздү, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,6 пайыздык пунктка жогорулады, ал эми айыл чарбасынын үлүшү 9,2 % түздү жана тескерисинче 0,7 пайыздык пунктка төмөндөгөн.
2022-жылдын январь-июнундагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
||||
|
2021 2022 |
||||||
ИДП |
335 320,2 |
106,3 |
100,0 |
100,0 |
|||
Товар өндүрүү тармактары |
119 591,6 |
109,4 |
36,2 |
35,7 |
|||
Айыл чарбасы, токой чарбасы |
30 665,7 |
102,0 |
9,9 |
9,2 |
|||
Өнөр жай |
71 578,3 |
114,6 |
20,7 |
21,3 |
|||
Пайдалуу кендерди казуу |
9 355,7 |
109,4 |
1,7 |
2,8 |
|||
Иштетүү өндүрүшү |
49 940,2 |
120,8 |
15,0 |
14,9 |
|||
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
11 218,8 |
93,8 |
3,6 |
3,3 |
|||
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
1 063,6 |
94,6 |
0,4 |
0,3 |
|||
Курулуш |
17 347,6 |
103,4 |
5,6 |
5,2 |
|||
Кызмат көрсөтүү тармактары |
160 921,3 |
104,0 |
48,5 |
48,0 |
|||
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо |
50 553,0 |
106,6 |
14,6 |
15,1 |
|||
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
15 080,0 |
115,5 |
4,4 |
4,5 |
|||
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги |
3 154,7 |
113,7 |
0,9 |
0,9 |
|||
Маалымат жана байланыш |
8 861,8 |
102,9 |
3,1 |
2,6 |
|||
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
83 271,8 |
100,4 |
25,5 |
24,9 |
|||
Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар |
54 807,3 |
106,3 |
15,3 |
16,3 |
________________________________________________
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел. + 996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).