Июль айында өнөр жай продукциясын өндүрүү 111,5 пайызды түздү

Publications: 19.08.2016


2016-жылдын январь-июлунда өнөр жай продукцияларынын көлөмү 94,8 млрд. сомду түздү. Физикалык көлөмдүн индекси 2015-ж. тийиштүү мезгилине салыштырганда 84,4 пайызды түздү. 2016-жылдын июлунда 15,9 млрд. сомго өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, 2015-жылдын июлундагы көлөмдөн 11,5 пайызга ашты.

Отчеттук жылдын башынан тартып өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн төмөндөшүнө 2015-жылдын январь-июлуна салыштырганда Баткен, Ысык-Көл, Талас, Чүй, облустарында жана Бишкек шаарында жол берилген. Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда өнөр жай продукциясынын чыгарылышынын өсүүсү Жалал-Абад, Нарын, Ош облустарынын жана Ош шаарынын ишканаларында камсыздалды.

Өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү баалуу металлдар өндүрүшүндөгү (30,5 пайызга), текстиль өндүрүшүндөгү (29,0 пайызга), кийим (26,6 пайызга), башка металл эмес минералдык продуктулар өндүрүшүндөгү (10,5 пайызга) көлөмдөрдүн кыскарышы менен шартталды. Электр энергиясын өндүрүүнүн, берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн көлөмү 10,6 пайызга төмөндөдү.

Муну менен бирге, мунайзатты жана металл кендерин казууда (1,6 эсеге), тазаланган мунайзат продуктуларын (28,6 пайызга), тамак-аш азыктарын (12,7 пайызга), резина жана пластмасса буюмдарын өндүрүүдө (5,1 пайызга) өсүү байкалды.

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү

  e-mail anurbaeva@stat.kg

тел. + 996 (312) 664044

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 19.08.2016, 16:55