Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосу башталды

Publications: 20.03.2026


2026-жылдын 20-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба каттоосу жүргүзүлө баштайт.

Айыл чарба каттоосу өлкөнүн айыл чарба тармагынын абалы жөнүндө актуалдуу жана ишенимдүү маалыматтарды алуу максатын көздөгөн маанилүү мамлекеттик статистикалык иш-чара болуп саналат.

Каттоонун алкагында төмөнкү маалыматтар чогултулат:

* айыл чарба жерлеринин бар болушу жана пайдаланылышы;

* айыл чарба өсүмдүктөрүнүн эгин аянттары;

* айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын саны;

* айыл чарба техникаларынын бар болушу;

* дыйкан (фермердик) чарбалардын жана жеке көмөкчү чарбалардын ишмердүүлүгү.

 

Алынган жыйынтыктар мамлекеттик саясатты калыптандыруу, агрардык секторду өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн колдонулат.

Каттоону жүргүзүү айыл чарба тармагынын абалы боюнча объективдүү маалыматтарды алууга, тармакты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого жана башкаруу чечимдеринин сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жарандарды каттоону түшүнүү менен кабыл алууга жана керектүү маалыматтарды берүүдө каттоо кызматкерлерине көмөк көрсөтүүгө чакырат.

Берилген маалыматтардын купуялуулугу кепилденет. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыланган түрдө гана пайдаланылат.

 


Last updating: 20.03.2026, 15:34