Кыргыз Республикасында аялдардын коопсуздугу жана бакубаттуулугу боюнча алгачкы пилоттук изилдөө башталууда

Publications: 30.07.2025


Улутстатком "БУУ-Аялдар" түзүмү жана БУУнун калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) менен өнөктөштүктө өлкө тарыхында аялдарга карата зомбулуктун таралышынын биринчи пилоттук - "Аялдардын бакубаттуулугу жана коопсуздугу" изилдөөсүн баштайт.
 
Изилдөөгө даярдыктын алкагында, 2025-жылдын 29-30-июлунда Улутстаткомдун Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунда аялдарга карата зомбулук жөнүндө маалыматтарды чогултуу, талдоо жана пайдалануу жаатында улуттук потенциалды чыңдоо боюнча семинар өтүүдө. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, кризистик борборлордун, өкмөттүк эмес уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн 30дан ашык өкүлдөрү катышууда.
 
Семинар расмий статистиканы өндүрүүчүлөр менен маалыматтарды пайдалануучулардын ортосундагы диалогду күчөтүүгө, ошондой эле эл аралык этикалык ченемдерди, купуялуулуктун принциптерин жана респонденттердин коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен изилдөө жүргүзүүнүн методологиясын талкуулоого багытталган.
 
Изилдөөнүн максаты-аялдардын коопсуздугу жана бакубаттуулугу чөйрөсүндөгү кырдаалды чагылдырган ишенимдүү жана репрезентативдүү статистикалык маалыматтарды алуу. Ошондой эле аялуу кырдаалдарга алып келүүчү факторлор, коргоо жана колдоо механизмдеринин жеткиликтүүлүгү, социалдык стереотиптердин жана коомдук түшүнүктөрдүн таасири боюнча талдоо жүргүзүлөт.
 
Изилдөөнүн жыйынтыктары 5.2 Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча прогресске мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуу, аялдардын муктаждыктарына багытталган саясаттарды жана программаларды иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Изилдөөнүн талаа этабын өткөрүү 2026-жылга пландаштырылган.
 
Практика көрсөткөндөй, маалыматтардын администрациялык булактарынын болушу маанилүү, бирок алар көп учурда фрагменттик мүнөзгө ээ жана проблеманын масштабын жана комплекстүүлүгүн толук өлчөмдө чагылдырбайт. Сурамжылоону жүргүзүү учурдагы маалыматтык кемчиликтерди жоюуга жана болуп жаткан окуялардын толук жана объективдүү көрүнүшүн калыптандырууга мүмкүндүк берет.
 
Демилге БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча биргелешкен фонду, "БУУ-Аялдар" жана ЮНФПА түзүмү тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан "Теңдик аркылуу укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү: Европада жана Борбордук Азияда гендердик маалыматтар системасын бекемдөө" аймактык программасынын алкагында ишке ашырылууда.  Кыргыз Республикасында программаны ишке ашыруу улуттук деңгээлде изилдөөлөрдү жүргүзө турган Улуттук статистика комитетинин түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылат.
 

Last updating: 30.07.2025, 14:29