Улутстаткомдо 2016-жылдын январь-августунда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгы боюнча басмасөз жыйыны болуп өттү

Publications: 09.09.2016


Бүгүн, 2016-жылдын августунда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын
2016-жылдын январь-август айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгы талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чинара Турдубаева маалымдагандай, ушул жылдын январь-августунда ички дүң продуктунун көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 260 миллиард сомдон көбүн түзүп, өткөн жылдын январь-августуна салыштырганда 0,4 пайызга өстү.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ички дүң продуктунун көлөмү 2016-жылдын январь-майында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайызга көбөйүү менен 241 миллиард сомду түздү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2016-жылдын январь-августунда 114 миллиард сомдон көбүн түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,3 пайызга төмөндөдү. Мурдагыдай эле олуттуу өлчөмдө өнөр жай өндүрүшүнүн түшүүсү баалуу металлдарды өндүрүүнүн, текстиль өндүрүшүнүн жана курулуш материалдарынын кыскарышы менен шартталды.

Керектөө бааларына токтоло кетсек, үстубүздөгү жылдын январь-августунда жалпысынан керектөө бааларынын 2,7 пайызга төмөндөшү байкалды, ал эми өткөн жылдын январь-августунда тескерисинче, бир аз (0,1 пайызга ) өсүү байкалган

Ошол эле убакта, январь-августта тамак-аш продуктулардын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 7,7 пайызга төмөндөгөн. Ошондой эле, азык-түлүктүк эмес продуктулардын бааларынын бир аз төмөндөгөнү катталды. Муну менен бирге, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери январь-августта 2,5 пайызга, алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баасы 3,5 пайызга өстү.

Реалдуу сектор башкармаалыгынын Инвестиция бөлүмүнүн башчысы Виктория Бирюкова пресс-конференциянын катышуучуларына ү.ж. I жарым жылдыгындагы чет өлкөлүк тике инвестициялардын түшүүлөрү жөнүндө маалымат берип, республиканын экономикасына чет өлкөлүк тике инвестициялардын келүү агымы өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда дээрлик үчтөн бир эсеге кыскарып, 342 млн. АКШ долларын түзгөндүгүн айтты.

КМШдан тышкары өлкөлөрдүн арысынан Кытай негизги инвестор болуп саналды, андан түшүүлөр 8,1 эсеге өскөн, ал эми КМШ өлкөлөрүнүн арасынан негизги инвестор болуп Россия саналды, андан түшүүлөр 2,2 эсеге жана Казакстандан түшүүлөр 3,8 эсеге өскөн.

Соода статистикасы башкармалыгынын Керектөө рыногу статистикасы бөлүмүнүн башчысы Турсункан Абдылдаева пресс-конференциянын катышуучуларына Кыргызстандагы көлөмү жыл сайын өсүп жаткан кызмат көрсөтүү рыногунун абалы жөнүндө айтып берди. Алсак, 2015-жылы мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2011-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге өсүп, 573 млрд. сомду түзгөн. Рыноктук кызмат көрсөтүүлөр боюча ишмердик кылган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы санынын арасында олуттуу үлүш (97 пайызга жакын) жеке ишкерлерге тиешелүү.

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын Демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы Гульнара Джайлобаева катышуучуларга Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун 2015-жылдагы абалы жөнүндө маалымат берди.

Үй чарбаларын жана жумушчу күчүн бирдиктүү тандап алып иликтөөлөрдүн маалыматтары боюнча 15 жана андан жогору жаштагы экономикалык активдүү калктын саны 2,5 млн. адамды түзгөн, ал эми жумуш менен камсыз болгон калктын саны 2,4 млн. адам болгон.

2015-жылы жумушсуздардын саны 192,2 миң адамды түзгөн, алардын жарымынан көбү (51 пайызы) – эркектер. 


Last updating: 09.09.2016, 13:15