Улутстаткомдо Аялдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чара болуп өттү
Publications: 07.03.2025
Бүгүн, Улутстаткомдо 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара Улуттук статистика комитетинин эркектер жамааты тарабынан кыз-келиндерди, алардын өлкөнүн статистикалык системасынын өнүгүшүнө кошкон салымын сыйлоо максатында уюштурулду.
Салтанаттуу бөлүктү Улутстаткомдун төрагасынын орун басарлары Зайнидин Жумалиев, Бакытбек Шокенов жана Эркин Колбаевдер ачышты. Алар өз сөздөрүндө аялдардын кесиптик жана социалдык турмуштагы ролунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, алардын статистиканын өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгилешти.
Майрамдык маанайды Кыргыз мамлекеттик филармониясынын артисттери тартуулаган чыгармачыл номерлер коштоду, алардын арасында белгилүү аткаруучу, обончу Кубаныч Сатаев да болду. Бул маанилүү окуяга өзгөчө маанай кошкон башка музыкалык чыгармалар да жаңырды.
Иш-чара кесиптик чөйрөдө, ошондой эле күнүмдүк жашоодо аялдарды урматтоонун жана колдоонун эң сонун символу болуп калды, жылуу жана достук маанайда өтүп, бардык катышуучуларда көптөгөн позитивдүү эмоцияларды жана эскерүүлөрдү калтырды.
Улутстатком аялдардын коомдогу ролун жогорулатууга жана алардын жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө толук кандуу катышуусу үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган демилгелерди активдүү колдойт.