Улутстаткомдо өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү
Publications: 11.02.2022
Бүгүн, 2022-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум болуп өттү. Коллегиялык отурумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев катышты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Улутстаткомдун өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча сөз сүйлөп, алдыдагы Улутстаткомдун максаттары жана багыттарына кеңири токтолду.
Улутстаткомдун алдында чоң маанилүү саамалык турат – ал ушул жылдын жазында өтө турчу Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо. Анын алкагында, коллегиянын катышуучулары Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев кесиптештерин эл каттоого көрүлүп жаткан даярдык иштери тууралуу кенен маалымат берди.
Коллегиянын отурумунун алкагында Улутстаткомдун аймактык башкармалыктарынын башчылары өткөн жылдагы аткарылган иштер тууралуу маалымат беришип, алдыга койгон максаттар менен бөлүшүштү.