Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында коронавируска чалдыккандардын саны сентябрга салыштырмалуу 5,3 эсеге көбөйгөн
Publications: 31.12.2020
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын ноябрында жалпы республика боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) оорусу менен лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 14 миңден ашык учур катталган.
2020-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны
(учурлар)
|
Бардыгы |
Калктын 100 миңине |
||||
|
сентябрь |
октябрь |
ноябрь |
сентябрь |
октябрь |
ноябрь |
Кыргыз Республикасы |
2 666 |
13 035 |
14 056 |
41 |
202 |
218 |
Баткен облусу |
682 |
2 418 |
1 204 |
128 |
455 |
227 |
Жалал-Абад облусу |
335 |
2 506 |
2 272 |
27 |
204 |
185 |
Ысык-Көл облусу |
380 |
908 |
1 294 |
77 |
184 |
263 |
Нарын облусу |
52 |
113 |
218 |
18 |
39 |
76 |
Ош облусу |
490 |
2 508 |
1 335 |
36 |
185 |
99 |
Талас облусу |
73 |
359 |
517 |
28 |
135 |
195 |
Чүй облусу |
141 |
1 012 |
2 656 |
15 |
106 |
279 |
Бишкек шаары |
445 |
2 432 |
3 890 |
43 |
234 |
374 |
Ош шаары |
68 |
779 |
670 |
22 |
255 |
219 |
Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында коронавирус инфекциясы оорусу менен катталган учурлардын көпчүлүк үлүшү Бишкек шаарына (28 пайызга жакын), Чүй облусуна (19 пайызга жакын), Жалал-Абад облусуна (16 пайыздан ашык) жана Ош облусуна (9 пайыздан ашык) туура келди.
Ушул эле учурда, ооругандардын саны калктын 100 миңине алганда сентябрдагы 41 учурдан ноябрда 218 учурга чейин же 5,3 эсеге көбөйгөн.
Калктын 100 миңине алганда коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен
ооругандардын саны
___________________________________________________________________________________________
Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042
Демографиялык статистика бөлүмү e-mail: gabdullaeva@stat.kg. тел.+996(312) 325546.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).