Улутстаткомдо Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча ишмердикти ишке ашырган субъекттерди (юридикалык жана жеке жактарды) толук бир жолку текшерүү 2015-жылдын 8-июнунан 16-июнуна карай мезгилде жүргүзүлөт
Publications: 28.05.2015
Улутстаткомдо Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча ишмердикти ишке ашырган субъекттерди (юридикалык жана жеке жактарды) толук бир жолку текшерүү 2015-жылдын 8-июнунан 16-июнуна карай мезгилде жүргүзүлөт
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун “Чарба жүргүзүүчү субъекттердин каттоосунун толуктугун жана алардын экономикалык ишмердигинин натыйжаларынын эсебин камсыздоо боюнча кээ бир чаралар жөнүндө” 2007-жылдын 27-июлундагы №59 буйругун жана Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун коллегиясынын токтому менен 2015-жылдын 6-февралында бекитилген туризм статистикасы боюнча сапаттуу маалыматтарды чыгаруу, анын ичинде Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча ишмердикти ишке ашырган субъекттер боюнча иш-чаралар планынын “СББМКнын маалыматтар базасын актуалдаштыруу жана тутумдуу талдоо” 16 п. аткаруу максатында Улутстаткомдо Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча ишмердикти ишке ашырган субъекттерди (юридикалык жана жеке жактарды) толук бир жолку текшерүү 2015-жылдын 8-июнунан
16-июнуна карай мезгилде жүргүзүлөт.
Бардык респонденттерден каттоочуларга жардам берүүңүздөрдү жана текшерүүгө активдүү катышууңуздарды өтүнөбүз. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” 2007-жылдын 26-мартындагы №40 Мыйзамына ылайык берилген маалыматтардын КУПУЯЛУУЛУГУНА кепилдик берилерин эскертебиз.
________________________________________________________________________
Айлана-чөйрө жана МКТ e-mail: korozbaeva@stat.kg
статистикасы бөлүмү тел.: +996 (312) 32 46 91
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдү таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).
