Республиканын өнөр жайында өндүрүштүн көлөмүнүн төмөндөшү байкалууда
Publications: 14.01.2016
2015-жылы мурунку жыл менен салыштырмалуу республиканын өнөр жайындабаалуу металлдарды өндүрүүнүн кыскарышы менен шартталган өнөр жай өндүрүшүнүн 4,4 пайызга төмөндөшү белгиленди.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн төмөндөшү Бишкек ш. (14,1 пайызга), Баткен (16,5 пайызга), Ысык-Көл (8 пайызга), Талас (8,6 пайызга) жана Чүй (5 пайызга) облустарынын ишканаларында болду.
Олуттуу артта калуу текстиль өндүрүшүндө (21,2 пайызга), кийим өндүрүүдө (17,6 пайызга), резина жана пластмасса буюмдарында (12,8 пайызга), башка металл эмес минералдык азыктарда (10,9 пайызга), электрэнергия өндүрүшүндө (12,2 пайызга) сакталууда.
Муну менен бирге өткөн жылдын ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн өсүүсү металл кенин казууда (4,8 эсеге) жана мунайзатпродуктуларынөндүрүүдө (1,7 эсеге) сакталып калды.
|
Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү |
e-mail anurbaeva@stat.kg |
тел. + 996 (312) 664044 |
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).
