Республикада көмүрдүн баасы октябрга салыштырмалуу дээрлик 10 пайызга жогорулады
Publications: 05.11.2021
Көмүрдүн чекене баалары республика боюнча 2021-жылдын 4 ноябрына карата үстүбүздөгү жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 10,4 пайызга жогорулап, бир тонна 5 720,5 сомду түздү.
Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 9 874,2 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 9 718,8 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 746,4 сом) шаарларында катталды.
Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 000 сом) Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды.
Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен - тоннасы 1 423,9 сомго же 23,7 пайызга, Жалал-Абад – тоннасы 880,9 сомго же 15,0 пайызга, Талас – тоннасы 695,4 сомго же 12,2 пайызга жана Бишкек – тоннасы 654,6 сомго же 14,4 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.
Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн орточо керектөөчү баалары 2021 жылы
(бир тонна, сом)
|
Октябрь |
4-ноябрга |
Четтөө: |
Кыргыз Республикасы |
5 181,8 |
5 720,5 |
538,7 |
Каракол ш. |
6 113,4 |
6 962,4 |
849,0 |
Балыкчы ш. |
4 000,0 |
4 000,0 |
0,0 |
Кербен ш. |
5 999,2 |
7 423,1 |
1 423,9 |
Токтогул ш. |
6 062,2 |
5 947,1 |
-115,0 |
Жалал- Абад ш. |
5 857,8 |
6 738,7 |
880,9 |
Чаек а., Жумгал району |
3 000,0 |
3 000,0 |
0,0 |
Нарын ш. |
4 200,0 |
4 500,0 |
300,0 |
Исфана ш. |
8 365,0 |
8 746,4 |
381,4 |
Баткен ш. |
9 344,7 |
9 718,8 |
374,2 |
Кара-Суу ш. |
7 000,0 |
6 700,0 |
-300,0 |
Ноокат ш. |
9 794,9 |
9 874,2 |
79,3 |
Өзген ш. |
5 738,8 |
6 246,7 |
507,9 |
Покровка а., Манас району |
5 300,0 |
5 500,0 |
200,0 |
Талас ш. |
5 692,1 |
6 387,5 |
695,4 |
Кара-Балта ш. |
4 500,0 |
4 500,0 |
0,0 |
Токмок ш. |
4 598,9 |
4 695,7 |
96,8 |
Бишкек ш. |
4 558,5 |
5 213,1 |
654,6 |
Ош ш. |
6 763,5 |
6 798,0 |
34,5 |
Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).