Республикада көмүрдүн баасы октябрга салыштырмалуу 10 пайызга жогорулады
Publications: 19.11.2021
Көмүрдүн чекене баалары республика боюнча 2021-жылдын 18 ноябрына карата үстүбүздөгү жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 10,1 пайызга жогорулап, бир тонна 5 706,0 сомду түздү.
Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 10 039,9 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 9 718,8 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 9 091,2 сом) шаарларында катталды.
Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 2 500 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды.
Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына салыштырмалуу Жалал-Абад - тоннасы 1 196,2 сомго же 20,4 пайызга, Талас – тоннасы 1 290,0 сомго же 22,7 пайызга, Кербен– тоннасы 1 138,0 сомго же 19,0 пайызга жана Токтогул– тоннасы 1 085,4 сомго же 17,9 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.
Ошол эле учурда, айдын башына салыштырмалуу Чаек айылында (бир тонна үчүн – 500 сом), Кербен (бир тонна үчүн – 268 сом), Бишкек (бир тонна үчүн – 174 сом) жана Каракол (бир тонна үчүн – 140 сом) шаарларында баанын төмөндөшүн байкоого болот.
2021-жылы көмүрдүн орточо керектөөчү баалары айрым калк жашоочу пункттарында
(бир тонна, сом)
|
Октябрь |
4 ноябрга
|
18-ноябрга |
Четтөө: |
Кыргыз Республикасы |
5 181,8 |
5 720,5 |
5 705,98 |
524,2 |
Каракол ш. |
6 113,4 |
6 962,4 |
6 822,40 |
709,0 |
Балыкчы ш. |
4 000,0 |
4 000,0 |
4 049,69 |
49,7 |
Кербен ш. |
5 999,2 |
7 423,1 |
7 137,14 |
1 138,0 |
Токтогул ш. |
6 062,2 |
5 947,1 |
7 147,57 |
1 085,4 |
Жалал- Абад ш. |
5 857,8 |
6 738,7 |
7 054,00 |
1 196,2 |
Чаек а., Жумгал району |
3 000,0 |
3 000,0 |
2 500,00 |
-500,0 |
Нарын ш. |
4 200,0 |
4 500,0 |
4 500,00 |
300,0 |
Исфана ш. |
8 365,0 |
8 746,4 |
9 091,20 |
726,2 |
Баткен ш. |
9 344,7 |
9 718,8 |
9 718,84 |
374,2 |
Кара-Суу ш. |
7 000,0 |
6 700,0 |
7 000,00 |
0,0 |
Ноокат ш. |
9 794,9 |
9 874,2 |
10 039,92 |
245,0 |
Өзген ш. |
5 738,8 |
6 246,7 |
6 246,66 |
507,9 |
Покровка а., Манас району |
5 300,0 |
5 500,0 |
5 800,00 |
500,0 |
Талас ш. |
5 692,1 |
6 387,5 |
6 982,12 |
1 290,0 |
Кара-Балта ш. |
4 500,0 |
4 500,0 |
4 500,00 |
0,0 |
Токмок ш. |
4 598,9 |
4 695,7 |
4 695,74 |
96,8 |
Бишкек ш. |
4 558,5 |
5 213,1 |
5 039,37 |
480,9 |
Ош ш. |
6 763,5 |
6 798,0 |
7 165,58 |
402,0 |
Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.
_________________________________
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).