Республикада көмүрдүн баасы дээрлик 20 пайызга жогорулады
Publications: 29.10.2021
Көмүрдүн орточо керектөө баалары республика боюнча 2021-жылдын 28- октябрына карата өткөн жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда бир тонна үчүн 5 306,7 сомго же 19,7 пайызга жогорулады.
Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 9 794,9 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 9 524,4 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 642,9 сом) шаарларында катталды.
Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 000 сом) жана Нарын шаарында (бир тонна үчүн – 4 200 сом) болгону байкалды.
Көмүргө карата баалар өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен - тоннасы 4 076,4 сомго же 2 эседен ашык, Баткен тоннасы 2 886,3 сомго же 43,5 пайызга жана Жалал-Абад шаарларында - тоннасы 1 875,9 сомго же 39,4 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.
Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн орточо керектөөчү баалар
(бир тонна, сом)
|
2020-октябрь |
2021жылдын |
2021жылдын |
Четтөө: |
Кыргыз Республикасы |
4 434,4 |
5 266,5 |
5 306,7 |
872,3 |
Каракол ш. |
5 312,5 |
6 373,9 |
6 448,8 |
1 136,4 |
Балыкчы ш. |
3 694,6 |
4 000,0 |
4 000,0 |
305,4 |
Кербен ш. |
3 346,6 |
6 998,5 |
7 423,1 |
4 076,4 |
Токтогул ш. |
- |
5 947,1 |
5 947,1 |
- |
Жалал- Абад ш. |
4 762,2 |
6 638,1 |
6 638,1 |
1 875,9 |
Чаек а., Жумгал району |
2 500,0 |
3 000,0 |
3 000,0 |
500,0 |
Нарын ш. |
3 500,0 |
4 200,0 |
4 200,0 |
700,0 |
Исфана ш. |
7 293,8 |
8 485,3 |
8 642,9 |
1 349,1 |
Баткен ш. |
6 638,1 |
8 937,8 |
9 524,4 |
2 886,3 |
Кара-Суу ш. |
5 500,0 |
7 000,0 |
6 500,0 |
1000,0 |
Ноокат ш. |
- |
9 486,8 |
9 794,9 |
- |
Өзген ш. |
4 457,2 |
5 738,8 |
6 246,7 |
1 789,5 |
Покровка а., Манас району |
- |
5 500,0 |
5 800,0 |
- |
Талас ш. |
5 500,0 |
5 718,3 |
5 917,6 |
417,6 |
Кара-Балта ш. |
4 000,0 |
4 500,0 |
4 500,0 |
500,0 |
Токмок ш. |
3 949,7 |
4 500,0 |
4 598,9 |
649,2 |
Бишкек ш. |
4 012,7 |
4 558,5 |
4 558,5 |
545,8 |
Ош ш. |
5 630,2 |
6 763,5 |
6 798,0 |
1 167,8 |
Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүр) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.
_______________________________
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).