Республикада санариптик технологияларды колдонууда, билим берүү чөйрөсү алдыңкы орунда
Publications: 04.11.2021
Улутстатком 2020-жылы чарба жүргүзүүчү субъектилерге жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча 11,5 миң ишкана, же 60 пайыздан ашыгы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) практикалык ишмердигинде колдонушту.
МКТны колдонгон ишканалардын жана уюмдардын басымдуу үлүшү билим берүү чөйрөсүнүн уюмдарына – 30 пайызы, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо уюмдарына – 12, дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоциклдерди оңдоого – 9 пайызы туура келет.
2020-жылы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча маалыматтык
коммуникациялык технологияларды пайдаланган ишканалар жана
2020-жылы жеке компьютерлердин 76 миңден ашыгы, же бар болгон жалпы санынын 34 пайызы, ошондой эле оргтехниканын (сканерлердин, планшеттердин, принтерлердин) 21 миңден ашыгы же 25,5 пайызы билим берүү чөйрөсүндөгү ишмердигин жүргүзүүчү чарбалык субъекттерге туура келди.
Ишканаларда жана уюмдарда болгон жеке компьютерлер
жана иш техника каражаттары
|
2016 |
2017 |
2018 |
2019 |
2020 |
|
Бирдик |
||||
Жеке компьютерлер – бардыгы |
178 167 |
190 300 |
203 315 |
221 548 |
222 589 |
анын ичинен |
|
|
|
|
|
Билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдар |
60 583 |
63 109 |
68 623 |
73 054 |
76 373 |
|
|||||
Иш техника каражаттары- бардыгы |
66 316 |
72 052 |
76 080 |
80 605 |
82 609 |
анын ичинен |
|
|
|
|
|
Билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдар |
15 814 |
18 583 |
19 561 |
20 078 |
21 096 |
|
2016 |
2017 |
2018 |
2019 |
2020 |
|
Жыйынтыкка карата |
||||
Жеке компьютерлер – бардыгы |
100 |
100 |
100 |
100 |
100 |
анын ичинен |
|
|
|
|
|
Билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдар |
34,0 |
33,2 |
33,8 |
33,0 |
34,3 |
Иш техника каражаттары - бардыгы |
100 |
100 |
100 |
100 |
100 |
анын ичинен |
|
|
|
|
|
Билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдар |
23,8 |
25,8 |
25,7 |
24,9 |
25,5 |
2020-жылы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү 18 миң адис ишке орношсо, анын 4 миңден ашыгы же 23 пайызы билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдарында ишмердигин жүргүзүштү. Республика боюнча мындай адистердин эң көп үлүшү Бишкек шаарында (жалпы сандын 41 пайызы) болсо, ушул эле учурда Нарын облусунда 2 пайызга жакынын түздү.
_______________________________
Соода статистикасы , МКТ жана туризм башкармалыгы|e-mail:ltekeeva@stat.kg |тел. + 996 (312) 324650, 664166
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).