Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында ички дүӊ продукттун өсүшү 10,0 пайызды түздү
Publications: 15.10.2025

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу фармацевтикалык продукциялардын (2,3 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (40,1 пайызга),резина,пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (31,8 пайызга),жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияла-рынын (28,7 пайызга), химиялык продукциялардын (17,7 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим өндүрүрүшүнүн (8,5 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу (16,3 пайызга) көбөйүшү менен камсыздалды.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 29,6 пайызды, дүң жана чекене соода – 10,9 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 0,9 пайызды түздү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 5,5 пайызды түздү. Мында, баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 6,4 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 5,1 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 3,3 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 6,3 пайызга жогорулаган.
Ушул жылдын январь-сентябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы байкалды. Муну менен бирге, баалардын максималдуу өсүшү (7,5 пайыз) Ош шаарында катталды, бул алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге (10,9 пайыз) жогорулашы менен шартталды. Ал эми азык-түлүк жана алкоголсуз ичимдиктерге болгон баанын жогорку өсүшү Чүй облусунда (9,5 пайыз), азык-түлүк эмес товарларга (4,8 пайыз) Ыссык-Көл облусунда, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер боюнча (9,3 пайыз) Талас облусунда белгиленди.
Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-августунда 9 848,1 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 9,1 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 23,7 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 5,2 пайызгы төмөндөдү.
2025-жылдын январь-августунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 3 349,0 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 3,3 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (65,7 пайыз) жана Казакстанга (32,1 пайыз) туура келди.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)
Импорт Экспорт
|
|
|
****
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: +996(312)625747
e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилишет).
