Республикада дан эгиндерин жыйноо аяктоодо

Publications: 16.10.2025


Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрына карата дан эгиндеринин абалы боюнча (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 567 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 0,5 пайызга көп. Мында  алгачкы кабыл алынган салмакта 1,5 млн. тонна дан жыйналып, өткөн жылдын ушул  мезгилине салыштырмалуу   18,2 пайызга аз болду.
 
Дан эгиндерин чаап-жыйноонун азайышына Чүй жана Талас облустарынын  чарбаларында кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөп кетиши таасир берди. Жалпы дан эгиндеринин түшүмүнүн 423 миң тоннадан ашыгы же дээрлик 27 пайызы Чүй облусунун чарбаларынын үлүшүнө туура келди, анын ичинде буудай — 180 миң тонна же 35 пайыз, арпа 147 миң тонна же 33 пайыз.
 
Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинин вегетация мезгилиндеги температуранын жогору болушуна байланыштуу буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 28,8 пайызга, арпанын түшүмдүүлүгү 28 пайызга  төмөндөгөн.
 
23-сентябрына карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы
                           (миң тонна)
  Иш жүзүндө Өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата
  2024 2025 +, - пайыз менен
Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз), миң га 564,6 567,6 2,9 100,5
Бастырылган дан - бардыгы (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) (алгачкы кабыл алынган салмакта)  1 886,40 1 543,9 -343,6 81,8
1 гектардан, ц 33,4 27,2 -6,2 81,4
Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта) 699,2 512,7 186,5 73,3
1 гектардан, ц 29,2 20,8 -8,4 71,2
Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта) 645,7 447,4 198,3 69,3
1 гектардан, ц 26,1 18,8 -7,3 72,0
Жыйналган дан жүгөрү 537,1 580,6 43,6 108,1
1 гектардан, ц 70,6 71,0 0,4 100,6
Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү (алгачкы кабыл алынган салмакта)  66,4 62,3 -4,1 93,7
1 гектардан, ц 14,6 13,3 -1,3 91,1
Бастырылган  күрүч (алгачкы кабыл алынган салмакта) 32,5 36,1 3,6 111,2
1 гектардан, ц 42,5 45,3 2,8 106,6
Бастырылган май алынуучу өсүмдүктөр  14,6 13,3 -1,3 91,1
1 гектардан, ц 11,7 12,5 0,8 106,8
Жыйналган пахта 25,8 13,1 12,7 50,7
Жыйналган тамеки 0,9 0,7 0,2 80,1
Казылган картошка аянты, миң га 55,4 54,2 -1,2 97,8
Жыйналган картошка 964 947,4 16,5 98,3
1 гектардан, ц 173,8 174,7 0,9 100,5
Жыйналган жашылчалар 1 023,2 1 098,3 79,4 107,8
Жыйналган бакча өсүмдүктөрү 270,6 280,5 9,9 103,7
Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 254,7 276,2 21,5 108,4

 

Муну менен бирге, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дан жүгөрүнүн 8,1 пайызга, күрүчтүн 11,2 пайызга, мөмө жемиш өсүмдүктөрүнүн  8,4 пайызга азык- түлүк бакчасынын 3,7 пайызга жана жашылчанын 7,8 пайызга дүң жыйымы өскөн.

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Last updating: 17.10.2025, 17:33