Республикада коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны олуттуу төмөндөдү
Publications: 15.10.2021
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын акыркы үч айында лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган жана катталган коронавирус инфекциясы (COVID-19) саны июль айындагы 37,4 миң учурдан сентябрь айындагы 2,8 миң учурга чейин азайды.
2021-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен
ооругандардын саны
(учурлар)
|
Бардыгы |
Калктын 100 миңине |
||||
|
июль |
август |
сентябрь |
июль |
август |
сентябрь |
Кыргыз Республикасы |
37 423 |
12 078 |
2 847 |
569 |
184 |
43 |
Баткен облусу |
2 693 |
672 |
47 |
496 |
124 |
9 |
Жалал-Абад облусу |
2 487 |
876 |
171 |
199 |
70 |
14 |
Ысык-Көл облусу |
1 378 |
1 218 |
437 |
276 |
244 |
88 |
Нарын облусу |
606 |
324 |
83 |
208 |
111 |
29 |
Ош облусу |
1 406 |
299 |
47 |
102 |
22 |
3 |
Талас облусу |
501 |
335 |
77 |
186 |
124 |
29 |
Чүй облусу |
4 568 |
2 042 |
615 |
472 |
211 |
64 |
Бишкек шаары |
22 830 |
6 171 |
1 349 |
2 146 |
580 |
127 |
Ош шаары |
954 |
141 |
21 |
301 |
44 |
7 |
Үстүбүздөгү жылдын сентябрында коронавирус инфекциясы менен болгон оорулардын катталган учурларынын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына (47% ашыгы), Чүй облусуна (22% жакыны) жана Ысык-Көл облусуна (15 % ашыгы) туура келди.
Үстүбүздөгү жылдын сентябрында август айына салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 4,3 эсеге, ал эми июль айына салыштырмалуу 13,2 эсеге азайды.
2021-жылы калктын 100 миңине алганда коронавирус инфекциясы (COVID-19)
менен ооругандардын саны
(учурлар)
__________________________________________________
Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).