Республикада коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны олуттуу төмөндөдү
Publications: 20.12.2021
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын акыркы үч айында лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган жана катталган коронавирус инфекциясы (COVID-19) саны сентябрь айындагы 2,8 миң учурдан ноябрь айындагы 2,2 миң учурга чейин азайды.
2021-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны
(учурлар)
|
Бардыгы |
Калктын 100 миңине |
||||
|
сентябрь |
октябрь |
ноябрь |
сентябрь |
октябрь |
ноябрь |
Кыргыз Республикасы |
2 847 |
2 865 |
2 155 |
43 |
44 |
33 |
Баткен облусу |
47 |
43 |
129 |
9 |
8 |
24 |
Жалал-Абад облусу |
171 |
101 |
101 |
14 |
8 |
8 |
Ысык-Көл облусу |
437 |
334 |
291 |
88 |
67 |
58 |
Нарын облусу |
83 |
22 |
22 |
29 |
8 |
8 |
Ош облусу |
47 |
53 |
103 |
3 |
4 |
7 |
Талас облусу |
77 |
72 |
61 |
29 |
27 |
23 |
Чүй облусу |
615 |
745 |
547 |
64 |
77 |
57 |
Бишкек шаары |
1 349 |
1 466 |
889 |
127 |
138 |
84 |
Ош шаары |
21 |
29 |
12 |
7 |
9 |
4 |
Үстүбүздөгү жылдын ноябырында коронавирус инфекциясы менен болгон оорулардын катталган учурларынын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына (41% ашыгы), Чүй (25% ашыгы) жана Ысык-Көл (13% ашыгы) облусуна туура келди.
Үстүбүздөгү жылдын ноябырында сентябрь айына салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 1,3 эсеге азайды.
2021-жылы калктын 100 миңине алганда коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны
(учурлар)
_______________________________________________________________________________________________
Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).