Борбор калаада 2025-жылдагы айыл чарба каттоосуна даярдык боюнча семинарлар өтүп жатат

Publications: 24.09.2025


2025-жылдын 23–25-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери тарабынан «Мобилдик тиркеме аркылуу айыл чарба каттоосун жүргүзүү» темасында үч күндүк окутуу семинары өткөрүлүүдө.
Семинардын негизги максаты - катышуучуларды маалыматтарды чогултуу үчүн мобилдик тиркемени колдонуу менен айыл чарба каттоосун өткөрүү үчүн зарыл болгон билим жана практикалык көндүмдөр менен камсыз кылуу.
 
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар мобилдик маалыматтарды чогултуучу тиркемени кантип колдонууну үйрөнүшөт, маалыматтарды киргизүү жана берүү  боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушат, ошондой эле интерактивдүү окутууга мүмкүндүк берүүчү тиркеменин окуу версиясына кирүү үчүн жеке логиндерге жана паролдорго ээ болушат.
 
Эскерте кетсек, буга чейин мындай  окутуу семинарлары— Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында өткөрүлүп, анда облустук башкармалыктардын, райондук жана шаардык статистика бөлүмдөрүнүн 245 адиси, анын ичинде облустардагы, райондордогу айыл чарба каттоосунун өкүлдөрдү жана координаторлор окууну аякташкан.
 
2025-жылдагы айыл чарба каттоосунун максаты - Кыргыз Республикасында натыйжалуу мамлекеттик айыл чарба саясаты жана айыл чарбасын колдоо программаларын иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон актуалдуу статистикалык базаны түзүү болуп саналат.
 

Last updating: 24.09.2025, 13:16