Таласта облустун статистикалык башкармалыгынын ишмердүүлүгүнүн маселелери талкууланды

Publications: 14.04.2023


Талас облусунун статистика башкармалыгында үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинен 12-апрелине чейинки мезгилде Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаеванын катышуусу менен бир катар жолугушуулар болуп өттү, анын жүрүшүндө облустун аймагында өндүрүштүк жеке ишкердик менен алектенген чарбакер субъекттердин толук камтылышын жана статбирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоосун (СББМК) жүргүзүүнү эске алуу менен байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле Улутстатком тарабынан жылына эки жолу өткөрүлүүчү статмаалыматтарга колдонуучулардын канааттануусун сурамжылоонун алкагында колдонуучулар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу маселелери каралды. Талкуулар жана башка актуалдуу темалар өткөрүлдү.

Иш сапардын жүрүшүндө Талас облусунун облустук башкармалыгына, ошондой эле Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондук статистика бөлүмдөрүнө барып келишти.

Жолугушуулардын жүрүшүндө статистика бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчеттор берилип, иштеги көйгөйлөр аныкталды.

Мындан тышкары, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуу болуп өттү.


Last updating: 14.04.2023, 15:50