2026-жылдын январында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды
Publications: 17.02.2026
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2026-жылдын январында өткөн жылдын январына салыштырмалуу 9,0%га жогорулоо менен 125,7 млрд. сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш тармактары, кызмат көрсөтүү чөйрөсү жана продукттарга болгон таза салыктар менен камсыздалды. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январына салыштырмалуу 11,8%, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи 8,9%, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 5,4%га жогорулады.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52,3%) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, бул өткөн жылдын январына салыштырмалуу 2,0 пайыздык пунктка төмөндөдү, ошол эле убакта товар өндүрүү тармактарынын үлүшү тескерисинче 4,2 пайыздык пунктка жогорулады жана 30,7%ды түздү. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,3 пайыздык пунктка, курулуштун үлүшү - 0,3 пайыздык пунктка жогорулады, ошол эле убакта айыл чарбасынын үлүшү - 0,4 пайыздык пунктка төмөндөдү.

Эскертүү: ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар: айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55% ды түзөт.
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.: +996 (312) 324695; 325351
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
