Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде кылмыштардын санынын олуттуу өсүшү катталды
Publications: 24.06.2021
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматтары боюнча 2021-жылдын январь-апрелинде республиканын аймагында 17,5 миң кылмыш катталган, алардын саны 2020-ж. январь-апрелине салыштырганда 31%га көбөйгөн, ошондой эле 8 миңден ашык жоруктар (дээрлик 10% көп) катталган. Ошол эле учурда, кылмыштардын басымдуу бөлүгү (алардын жалпы санынын 60%га жакыны) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган.
Кылмыштардын жалпы санында 2 миңден ашыгы же 11% оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген. Бул кылмыштардын негизги бөлүгүн жеке менчикке каршы кылмыштар түзгөн. 2020-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу жалпы республика боюнча алардын саны 42%га, анын ичинде алдамчылык - 1,7 эсеге, уурдоо - 30%, тоноо - 10%га өстү.
Өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу жалпы республика боюнча инсанга каршы кылмыштардын саны 23%га көбөйдү. Муну менен бирге, өлтүрүүнүн саны - 21%га, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу учурларынын саны - 17%га, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү – 11%га көбөйдү.
Үстүбүздөгү жылдын 4 айынын ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 21%га, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары - 2,3 эсеге жана паракорлук - 14%га өстү.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын саны олуттуу (дээрлик 29%га) көбөйдү. Кылмыштардын эң чоң үлүшү (55%дан ашыгы) баңги заттарды сатып өткөрүү максатында сактоо менен байланышкан жана 43%га жакыны - баңги заттарды сатууну максат кылбастан сактоо менен байланышкан.
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кылмыштардын санынын эң көп өсүшү Ысык-Көл облусунда (2,6 эсеге), Ош шаарында жана Нарын облусунда (1,5 эсеге) өсүшү белгиленди.
Январь-апрелде катталган кылмыштардын аймактар боюнча саны
|
Бардык-учурлар |
Мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен |
||
---|---|---|---|---|
2020 |
2021 |
2020 |
2021 |
|
Кыргыз Республикасы |
13 395 |
17 523 |
54,4 |
130,8 |
Баткен облусу |
395 |
541 |
71,7 |
137,0 |
Жалал-Абад облусу |
989 |
1 328 |
65,2 |
134,3 |
Ысык-Көл облусу |
637 |
1 658 |
46,3 |
260,3 |
Нарын облусу |
330 |
487 |
55,5 |
147,6 |
Ош облусу |
995 |
1 330 |
77,6 |
133,7 |
Талас облусу |
317 |
351 |
73,2 |
110,7 |
Чүй облусу |
2 588 |
3 213 |
57,1 |
124,1 |
Бишкек ш. |
6 404 |
7 472 |
51,3 |
116,7 |
Ош ш. |
739 |
1 141 |
41,6 |
154,4 |
Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде кылмыш жасаган 8 миңге жакын адам аныкталды, бул өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 22,6%га көп. Алардын жалпы санынын 16,5% - аялдар, 4,7% - жашы жете электер түздү. Кылмыш жасап аныкталган адамдардын санынан 54%га жакыны эч жерде иштеген эмес же окуган эмес.
__________________________________________________________________
Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 32 46 52
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).