2016-жылдын январь-августунда негизги капиталга инвестициянын көлөмүнүн өсүүсү белгиленди
Publications: 13.09.2016
Алдын-ала маалыматтар боюнча негизги капиталга өздөштүрүлгөн инвестициянын көлөмү 2016-жылдын январь-августунда 57 млрд. сомду түзүп, 2015-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 4,6 пайызга көбөйдү.
Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 6,2 пайызга көбөйдү, тышкы булактардын эсебинен тескерисинче, бир пайызга кыскарды.
Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 81 пайызы) пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу), транспорт ишмердиги, билим берүү жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган.
Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда 493 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилди, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,9 пайызга көп.
______________________________________________________________________
Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642
инвестиция статистикасы бөлүмү
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).