2024-жылдын январь-августунда ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Publications: 10.09.2024


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2024-жылдын январь-августунда мурунку жылдын январь-августуна салыштырмалуу 6,6 % га жогорулады жана 797,7 млрд. сомду түздү.  
 
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар менен камсыз болду. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-август айларына  салыштырмалуу 8,8 % га, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 5,4 % га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 6,4 % га жогорулады.  
 
ИДПнын түзүмүндө эң көп үлүш (49,5%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, бул өткөн жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 2,2 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн.  Ошол эле учурда товарларды өндүргөн  тармактардын үлүшү, тескерисинче, 1,8 пайыздык пунктка жогорулап, 31,8%ды түздү. Мында курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 пайыздык пунктка өскөн болсо, өнөр жайдын үлүшү 0,3 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү мурдагы деңгээлде сакталып калган.
 
2024-жылдын январь-августундагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
 

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2023

2024

ИДП

797 726,7

106,6

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

253 224,0

108,8

30,0

31,8

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

70 194,7

107,3

8,8

8,8

Өнөр жай

133 669,5

100,8

16,5

16,8

Пайдалуу кендерди казуу

14 634,4

97,2

1,8

1,8

Иштетүү өндүрүшү 
(Иштетүү өнөр жайы)

104 656,6

99,6

13,0

13,1

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

 

12 337,9

 

112,8

 

1,5

 

1,6

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

2 040,6

120,4

0,2

0,3

Курулуш

49 359,8

139,2

4,7

6,2

Кызмат көрсөтүү тармактары

395 382,1

105,4

51,7

49,5

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

107 530,3

108,0

13,5

13,4

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

25 445,0

104,8

3,1

3,2

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

10 914,7

120,0

1,3

1,4

Маалымат жана байланыш

18 090,3

110,6

2,3

2,3

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

233 401,8

103,4

31,5

29,2

Продукттарга болгон таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

149 120,6

106,4

18,3

18,7

 

 

Эскертүү: Маалыматтар 2008-жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык эсептелген.
 
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.+996 (312) 324695; 325351
 
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).
 

Last updating: 10.09.2024, 11:14