2024-жылдын январь-декабрында ички дүӊ продуктунун өсүүсү камсыздалды

Publications: 15.01.2025


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2024-жылдын январь-декабрында 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 9,0 %га жогорулады жана 1,5 триллиондон ашык сомду түздү.  
 
ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон салыктардын эсебинен камсыз болду. Мында товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-декабрь айларына  салыштырмалуу 8,5 %га, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи 9,3 %га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 9,2 %га жогорулады.  
 
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52% ашык) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди, бул 2023-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 0,8 пайыздык пунктка өскөн, ошол эле учурда товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 0,3 пайыздык пунктка жогорулап, 33,4 %ды түздү. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу курулуштун үлүшү 1,0 пайыздык пунктка өскөн, өнөр жайдын үлүшү 0,2 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү тескерисинче 0,9 пайыздык пунктка төмөндөгѳн.
 
2024-жылдын январь-декабрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
 
 
Млн. сом
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери
Жыйынтыкка карата пайыз менен
2023
2024
ИДП
1 523 235,8
109,0
100,0
100,0
Товар өндүрүү тармактары
508 003,7
108,5
33,1
33,4
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук
131 114,1
106,3
9,5
8,6
Өнөр жай
251 034,5
105,6
16,3
16,5
Пайдалуу кендерди казуу
29 583,5
104,0
2,0
2,0
Иштетүү өндүрүшү (Иштетүү өнөр жайы)
192 149,6
104,4
12,6
12,6
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)
26 289,5
115,8
1,5
1,7
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу
3 011,9
117,7
0,2
0,2
Курулуш
125 855,1
118,0
7,3
8,3
Кызмат көрсөтүү тармактары
794 212,4
109,3
51,3
52,1
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо
267 499,3
116,3
16,6
17,6
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо
46 816,1
105,5
3,0
3,1
Мейманканалар менен ресторандардын ишмердиги
32 607,3
128,3
1,9
2,1
Маалымат жана байланыш
36 461,7
106,7
2,5
2,4
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү
410 828,0
104,5
27,3
26,9
Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар
221 019,7
109,2
15,6
14,5
Эскертүү: Маалыматтар 2008-жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык эсептелген.
 
___________________________________________________________________________________
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.+996 (312) 324695; 325351
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).

Last updating: 15.01.2025, 09:40