Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында ички дүң продукттун өсүүсү камсыздалды

Publications: 11.08.2023


Ички дүң продукт (ИДП)1, алдын-ала баалоолор боюнча, 2023-жылдын январь-июлунда өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 2,9% жогорулоо менен 563 млрд. жакын сомду түздү.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө секторлору тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,1%, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,6% өстү.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (53,4%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,1 пайыздык пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 27,6% түзүп, 3,5 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайыздык пунктка, айыл чарбасы 1,2 пайыздык пунктка жана курулушта 0,2 пайыздык пунктка төмөндөгөн.

2023-жылдын январь-июлундагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2022

2023

   ИДП

562 960,8

102,9

100,0

100,0

   Товар өндүрүү тармактары

156 028,7

100,1

31,1

27,6

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

45 518,9

98,3

9,3

8,1

   Өнөр жай

85 832,1

98,0

17,2

15,1

   Пайдалуу кендерди казуу

13 196,5

105,8

2,7

2,3

   Иштетүү өндүрүшү 
  (Иштетүү өнөр жайы)

62 736,7

96,3

12,5

11,1

   Электр энергия, газ, буу жана

 

 

 

 

кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

8 576,7

98,6

1,7

1,5

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1 322,2

95,1

0,3

0,2

    Курулуш

24 677,7

111,2

4,6

4,4

   Кызмат көрсөтүү тармактары

300 329,6

104,6

53,5

53,4

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

73 652,5

112,0

12,9

13,1

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

21 806,2

108,4

4,0

3,9

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

6 300,6

125,9

0,9

1,1

   Маалымат жана байланыш

13 400,0

107,9

2,6

2,4

   Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

185 170,3

100,4

33,1

32,9

Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

106 602,5

102,9

15,4

19,0

1Маалыматтар 2008 жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык эсептелген.

 

Экономикалык статистика жана
улуттук эсептер башкармалыгы                e-mail: eisenkulova@stat.kg;            тел.+996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).


Last updating: 11.08.2023, 09:38