2022-жылдын январь-майында ички дүӊ продуктунун өсүүсү камсыздалды
Publications: 13.06.2022
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-майында өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу 5,7 % көбөйүү менен 270 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 250 млрд. ашык сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,7 % көбөйдү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө сектору тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-майына салыштырмалуу 7,9 % өскөн болсо, 2021-жылдын январь-майында тескерисинче 8,0 % төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-майына салыштырмалуу 4,0 % өстү (2021-жылдын январь-майында 3,3 % өскөн).
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (48,6 %) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, өткөн жылдын январь-майынадагы өзүнүн үлүшүн сактап калган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү январь-майда 2,0 пайыздык пунктка төмөндөп, 33,9 % түздү. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү 21,1 % жана айыл чарбасынын 8,1 % түзгөн, жана тиешелүүлүгүнө жараша 0,7 пайыздык пунктка кыскарган.
2022-жылдын январь-майындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
||||
|
2021 2022 |
||||||
ИДП |
270 211,5 |
105,7 |
100,0 |
100,1 |
|||
Товар өндүрүү тармактары |
91 576,9 |
107,9 |
35,9 |
33,9 |
|||
Айыл чарбасы, токой чарбасы |
21 947,1 |
102,2 |
8,8 |
8,1 |
|||
Өнөр жай |
56 813,8 |
111,4 |
21,8 |
21,1 |
|||
Пайдалуу кендерди казуу |
6 981,8 |
107,9 |
1,8 |
2,6 |
|||
Иштетүү өндүрүшү |
39 062,1 |
117,7 |
15,4 |
14,5 |
|||
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
9 913,3 |
91,7 |
4,2 |
3,7 |
|||
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
856,6 |
91,2 |
0,4 |
0,3 |
|||
Курулуш |
12 816,0 |
103,1 |
5,3 |
4,7 |
|||
Кызмат көрсөтүү тармактары |
131 466,5 |
104,0 |
48,6 |
48,6 |
|||
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо |
40 337,3 |
106,9 |
14,7 |
14,9 |
|||
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
12 376,5 |
113,1 |
4,7 |
4,6 |
|||
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги |
2 571,5 |
112,1 |
0,9 |
0,9 |
|||
Маалымат жана байланыш |
6 494,3 |
102,9 |
2,8 |
2,4 |
|||
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
69 686,9 |
100,5 |
25,5 |
25,8 |
|||
Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар |
47 168,1 |
105,7 |
15,5 |
17,5 |
__________________________________________________________________
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).