2023-жылдын январь-мартында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Publications: 11.04.2023


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2023-жылдын январь-мартында өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 4,6 % жогорулоо менен 184 млрд. сомго жакындады.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө сектору тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 5,5 %, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактар өсүү темпи 4,1 % жогорулады.  

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (50,6 %) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, бул өткөн жылдын январь-мартынан 0,5 пайыздык пунктка көп, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү январь-мартта 2,8 пайыздык пунктка  төмөндөдү жана 28,1 % түздү. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 пайыздык пунктка,  айыл чарбасынын үлүшү - 0,8 пайыздык пунктка жана курулуштун үлүшү - 0,5 пайыздык пунктка азайган.

2023-жылдын январь-мартындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2022

2023

   ИДП

183 892,2

104,6

100,0

100,0

   Товар өндүрүү тармактары

51 568,0

105,5

30,9

28,1

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

11 336,8

101,9

7,0

6,2

   Өнөр жай

33 651,5

107,5

19,8

18,3

   Пайдалуу кендерди казуу

5 493,6

121,4

3,3

3,0

   Иштетүү өндүрүшү 
   (Иштетүү өнөр жайы)

22 666,0

106,2

12,9

12,3

   Электр энергия, газ, буу жана

       

 кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

4 993,3

100,0

3,2

2,7

 Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү  жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

498,6

92,1

0,4

0,3

    Курулуш

6 579,7

102,4

4,1

3,6

    Кызмат көрсөтүү тармактары

93 147,8

104,1

50,1

50,6

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

25 266,1

108,4

13,9

13,7

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

8 402,6

104,3

5,2

4,6

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

2 441,8

124,1

1,1

1,3

   Маалымат жана байланыш

5 854,7

109,2

3,5

3,2

   Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

51 182,6

100,3

26,4

27,8

Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

39 176,4

104,6

19,0

21,3

 

****

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел.+996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).


Last updating: 12.04.2023, 13:46