2025-жылдын январь-октябрында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды
Publications: 14.11.2025
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоолор боюнча 2025-жылдын январь-октябрында мурунку жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 10,0%га жогорулады жана 1 427,4 млрд сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктардын эсебинен камсыз болду. Мында товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 11,3%га, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи 8,8 %га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 10,8 %га жогорулады.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49,6%) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди, бул өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 1,3 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн. Ошол эле учурда товар өндүрүү тармактарынын үлүшү, тескерисинче, 1,8 пайыздык пунктка жогорулап, 35,4%ды түздү. Мында курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 пайыздык пунктка өскөн болсо, өнөр жайдын үлүшү – 1,0 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,4 пайыздык пунктка төмөндөгѳн.
2025-жылдын январь-октябрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
| Млн. сом | ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери | Жыйынтыкка карата пайыз менен | ||
| 2024 | 2025 | |||
| ИДП | 1 427 359,7 | 110,0 | 100,0 | 100,0 |
| Товар өндүрүү тармактары | 505 097,6 | 111,3 | 33,6 | 35,4 |
| Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук | 135 193,8 | 102,0 | 9,9 | 9,5 |
| Өнөр жай | 251 344,2 | 109,9 | 16,6 | 17,6 |
| Пайдалуу кендерди казуу | 26 843,5 | 117,1 | 2,0 | 1,9 |
| Иштетүү өндүрүшү(Иштетүү өнөр жайы) | 197 256,4 | 107,9 | 12,8 | 13,8 |
| Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) | 24 261,9 | 115,0 | 1,6 | 1,7 |
| Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу | 2 982,4 | 124,6 | 0,2 | 0,2 |
| Курулуш | 118 559,6 | 127,7 | 7,1 | 8,3 |
| Кызмат көрсөтүү тармактары | 708 537,2 | 108,8 | 50,9 | 49,6 |
| Дүң жана чекене соода; автоунаалардыжана мотоциклдерди оңдоо | 234 187,5 | 115,3 | 16,2 | 16,4 |
| Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо | 47 134,7 | 109,1 | 3,2 | 3,3 |
| Мейманканалар менен ресторандардын ишмердиги | 27 068,1 | 116,9 | 1,8 | 1,9 |
| Маалымат жана байланыш | 32 521,4 | 106,1 | 2,6 | 2,3 |
| Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү | 367 625,5 | 104,7 | 27,1 | 25,7 |
| Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар | 213 724,9 | 110,8 | 15,5 | 15,0 |
Эскертүү: ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар - айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55%ды түзөт.
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел.: +996 (312) 324695; 325351
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
