Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрындагы ички дүң продукттун өсүү тенденциясы сакталды
Publications: 12.10.2023
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 808 млрд. ашык сомду түздү жана мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштармалуу 4,2% жогорулады.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, 2022-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу продукттарга таза салыктардын өсүү темпи 5,5%, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 5,1%, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2,4% жогорулады.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52% жакын) өткөн жылдын жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип 0,6 пайыздык пунктка жогорулаган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 3,5 пайыздык пунктка төмөндөдү жана 30,2% түздү. Муну менен бирге, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өнөр жайдын үлүшү 14,3% түзүп, 1,6 пайыздык пунктка төмөндөдү, айыл чарбасынын үлүшү 10,9% түздү жана 1,6 пайыздык пунктка төмөндөдү.
2023-жылдын январь-сентябрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
||
2022 |
2023 |
||||
ИДП |
808 282,8 |
104,2 |
100,0 |
100,0 |
|
Товар өндүрүү тармактары |
244 354,5 |
102,4 |
33,7 |
30,2 |
|
Айыл чарбасы, токой чарбасы |
87 953,0 |
100,1 |
12,5 |
10,9 |
|
Өнөр жай |
115 706,9 |
100,4 |
15,9 |
14,3 |
|
Пайдалуу кендерди казуу |
18 153,8 |
103,8 |
2,5 |
2,3 |
|
Иштетүү өндүрүшү |
85 070,3 |
98,6 |
11,7 |
10,5 |
|
Электр энергия, газ, буу жана |
|||||
кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
10 652,0 |
109,6 |
1,4 |
1,3 |
|
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
1 830,8 |
99,4 |
0,3 |
0,2 |
|
Курулуш |
40 694,6 |
113,7 |
5,3 |
5,0 |
|
Кызмат көрсөтүү тармактары |
419 000,3 |
105,1 |
51,3 |
51,9 |
|
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо |
111 473,7 |
112,7 |
13,7 |
13,8 |
|
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
27 910,8 |
108,0 |
3,6 |
3,5 |
|
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги |
10 833,9 |
119,6 |
1,2 |
1,3 |
|
Маалымат жана байланыш |
17 826,6 |
107,8 |
2,5 |
2,2 |
|
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
250 955,3 |
100,4 |
30,3 |
31,1 |
|
Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар |
144 928,0 |
105,5 |
15,0 |
17,9 |
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).