2024-жылдын январь-сентябрында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Publications: 14.10.2024


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2024-жылдын январь-сентябрында мурунку жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 8,4 % га жогорулады жана 952 млрд. ашык сомду түздү.  
 
ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктардын эсебинен камсыз болду. Мында товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-сентябрь айларына  салыштырмалуу 10,4 % га, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи 7,0 % га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 8,9 % га жогорулады.  
 
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49% жакын) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди, бул өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 1,4 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн.  Ошол эле учурда товар өндүрүү  тармактарынын үлүшү, тескерисинче, 1,3 пайыздык пунктка жогорулап, 33,3%ды түздү. Мында курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 пайыздык пунктка өскөн болсо, өнөр жайдын үлүшү 0,6 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,8 пайыздык пунктка төмөндөгѳн.
 
2024-жылдын январь-сентябрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
 

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2023

2024

ИДП

951 770,8

108,4

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

317 665,1

110,4

32,0

33,3

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

94 884,0

106,7

10,8

10,0

Өнөр жай

158 938,3

104,3

16,0

16,6

Пайдалуу кендерди казуу

17 073,2

99,3

1,8

1,8

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

125 841,3

103,6

12,6

13,2

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

 

13 701,4

 

114,8

 

1,4

 

1,4

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

2 322,4

118,2

0,2

0,2

Курулуш

63 842,8

136,9

5,2

6,7

Кызмат көрсөтүү тармактары

464 893,4

107,0

50,3

48,9

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

137 443,4

113,5

13,9

14,4

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

28 897,2

105,3

3,0

3,0

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

14 064,8

119,0

1,4

1,5

Маалымат жана байланыш

20 553,1

110,8

2,2

2,2

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

263 934,9

103,4

29,8

27,8

Продукттарга болгон таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

169 212,3

108,9

17,7

17,8

Эскертүү: Маалыматтар 2008-жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык эсептелген.
 
 
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.+996 (312) 324695; 325351
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).

Last updating: 14.10.2024, 09:41