Айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү боюнча окуу семинарлары башталды

Publications: 10.09.2025


Республиканын түштүк региондорунда 2025-жылы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча семинарлар 8-сентябрдан тарта өтүүдө. Алардын максаты облустук башкармалыктардын, райондук жана шаардык статистика бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, айыл чарба статистикасы бөлүмдөрүнүн адистерин, ошондой эле убактылуу тартылган персоналдарды, анын ичинде өкүлдөрдү жана координаторлорду окутуу болуп саналат жана семинарлар 
 
Семинарлардын жүрүшүндө катышуучуларга айыл чарба каттоо иштеринин жүрүшү жана аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгы тууралуу маалымат беришет, статистикалык отчеттуулуктун негизги формаларын жана алдыдагы айыл чарба каттоосунда убактылуу тартылган персоналдар колдоно турган нускамаларды үйрөнүшөт.
 
Мындан тышкары семинардын катышуучуларына айыл чарба каттоонун убактылуу персоналдардын милдеттери жана функциялары, ошондой эле маалыматтарды чогултуу үчүн мобилдик тиркемени колдонуу, анын ичинде аны тестирлөө боюнча маалымат берилет.
 
Окутуу семинарларын өткөрүү айыл чарба каттоосунун бардык катышуучуларынын ырааттуу жана максаттуу даярдыгын камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана өлкөнүн агрардык секторунда так жана ишенимдүү статистикалык маалыматтарды чогултуунун негизин түзөт.
 
2025-жылдагы айыл чарба каттоосу - актуалдуу маалыматтарды алуу, мамлекеттик агрардык саясатты жана жакынкы жылдарга айыл чарбасын колдоо программаларын түзүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Last updating: 11.09.2025, 16:14