Кирешелерди пайдалануу тарабынан эсептелген ички дүң продуктунун алдын ала баалоолору чыгарылды

Publications: 22.01.2016


Алдын ала берилген баалар боюнча кирешелерди пайдалануу жагынан эсептелген ички дүң продукт (ИДП), 2015-ж. январь-сентябрында 293876,1 млн. сомду түзүп, 2014-ж. тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,9 пайызга көбөйдү.

Январь-сентябрдагы кирешелерди пайдалануу ыкмасы аркылуу эсептелген ИДПнын түзүмү                                      (учурдагы базар баасы менен)

 

Млн. сом

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2014

2015

2014

2015

Бардыгы

270644,8

293876,1

100

100

Акыркы керектөө

317841,0

331562,1

117,4

112,8

Дүң жыйым

92810,8

87456,8

34,3

29,8

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспорту

-137336,9

-110761,4

-50,7

-37,7

Экспорт

104951,8

109854,8

38,8

37,4

Импорт (-)

242288,7

220616,2

89,5

75,1

Статистикалык айырма

-2670,1

-14381,4

-1,0

-4,9

ИДПнын түзүмүндөгү акыркы керектөөгө кеткен чыгымдардын үлүшү 2015-ж. январь-сентябрында 112,8 пайызды түздү, бул 2014-ж. тийиштүү мезгилинин деңгээлинен 4,6 пайызга төмөн, үй чарбалардын акыркы керектөөлөрүнө кеткен чыгымдар – тиешелүүлүгүнө жараша 94,7 жана 4,3 пайызды түздү. Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун үлүшү 2014-ж. тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,4 пайызга азайып, 37,4 пайызды түздү.

 

Улуттук эсептер тутуму башкармалыгы     e-mail: aorosbaev@stat.kg;  тел. + 996 (312) 324695

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 

 

Күнү                                                                                                            22.01.2016ж.


Last updating: 22.01.2016, 13:37