Мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү өстү
Publications: 19.05.2016
Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 4,5 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,7 пайызга өстү. Мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмдөгү негизги бөлүгү (85 пайыздан көбү) ресторан, барлардын, ашканалардын жана даяр тамак-ашты жеткирүү боюнча башка ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө таандык.
Мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызмат ккөрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн өсүүсү республиканын бардык региондорунда камсыздалды.Мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн негизги үлүшү Бишкек шаарына (54 пайыздан көбү) туура келет.
_____________________________________________________________________________________
Соода статистикасы e-mail: vmambetalieva@stat.kg
башкармалыгы тел.: +996 (312) 32 46 50
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдү таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).
Басылмалардындатасы: 17.05.2016ж.
